Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта
На этой странице возможно добавить:
- Текст
- Фото / Видео / Документы
Таблицы
- Списки
- Ссылки
- Разные цвета
На этой странице возможно добавить:
Таблицы
1. | Мектеп-I корпус 2000-жылы,II корпус 2006-жылы курулган. Дубалы-жыгачтан (ОШ-60)тибинде Мектептин жалпы аянты-1,6га Менчиктин түрү-Муниципалдык Билим берүү уюмунун статусу-Ж.Бахтияров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби ИНН-01305200410301 Проект боюнча канча окуучуга ылайыкталган-160 окуучуга ылайыкталган. Ж.Бахтияров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби-13.05.2004-жылы юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө 14-февраль 2013-жылы №0005629 каттоо номери менен Ысык-Көл облусттук юстиция башкармасы тарабынан катталган. Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн номери-96149-3302-М-е Билим берүү уюмунун миссиясы:Ж.Бахтияров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби балдарды окутуп,үйрөтүүдө компетенттүүлүгүн өстүрөт,ийкемдүү,өз турмушу жана билими үчүн жоопкерчиликти сезген,алган билимин тажрыйбада колдоно билүүгө жөндөмдүү балдарды окутууга шарт түзөт. Мектептин директору-Сагибаев Аралбек Турсунаалыевич (0701)317400 [email protected] Мектеп аккредитациядан өткөн-2018-жыл, сертификат №СС190006176,берилген жылы 2019-жыл.Сертификаттын мөөнөтү:15.10.2023-жыл. Жалпы орто билим берүү уюмунун аты: Ж.Бахтияров атындагы жалпы орто билим берүү мектеби Дареги:Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Түп району, Кудургу айыл өкмөтү, Кичи-Өрүктө айылы, Рахмат көчөсү н/ж Электрондук почта: [email protected] | сертификат |
1.1 | Бардык окуу предметтеринин компоненттери мамлекеттик программанын негизинде камсыздалган. Бардык предметтер базистик окуу планынын негизинде календарлык-тематикалык пландарды пландаштырып, иш алып барылды. 2016- 2017 – окуу жылынан тартып, башталгыч класстар жана 5,6-класстар мамлекеттик стандарттын негизинде предметтик компетенттүүлүк менен окутулууда. 2018-2019-окуу жылында 7-9-класстарда негизги предметтер предметтик стандарт боюнча , 2020-2021-окуу жылында 10-11-класстарга математика, тарых, физика предметтерине предметтик компетенттүүлүк кирген. Билим берүү боюнча коюлган максаттар жана алардын жыйынтыгы стандартка дал келет. 2021-2022-окуу жылы γчγн базистик окуу планы: КРнын Ѳкмѳтγнγн «Кыргыз Республикасынын мектептеги жалпы билим берγγсγнγнγн мамлекеттик билим берγγ стандарттарын бекитγγ» жѳнγдѳгγ 2014-жылдын 21- июлундагы №403 жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 1995-жылдын 31-сентябрындагы «Билим берγγ мекемелеринин болжолдуу типтγγ штаттарын бекитγγ жѳнγндѳгγ» 1995-жылдын 30- сентябрындагы №404 токтомдоруна ылайык иштелип чыккан. Базистик окуу планы билим берγγнγ ар бир баскычы γчγн сааттарды бѳлγштγрѳт. Билим берγγнγн ар бир баскычы γчγн жумалык(апталык) окуу жγктѳмγ жана чектелген (жыйынтыкталган) окуу жγктѳмγ Мамлекеттик стандарт боюнча аныкталат. Окуу программасы Мамлекеттик стандартка дал келет. Кыргыз тилинде окутуучу жалпы орто билим берүү мектеби үчүн 2021-2022-окуу жылынын базистик окуу планы төмөндөгүдөй болуп 2021-жылы 20-августа №1460/1 «Кут билим» газетасына Билим беруу жана Илим министрлиги тарабынан бекитилип, чыгарылган. 1-класска-20 саат 2-класска-22 саат 3-класска – 24 саат 4-класска-25 саат 5-класска-29 саат 6-класска-30саат 7-класска-30саат 8-класска-30 саат 9-класска-30 саат 10-класска-29саат 11-класска-30саат Мектеп компоненттери (5,8- класстарда), кызыктар тараптардын талабына ылайык, кыргыз тили предметине болунуп берилди. 1-класстан 1 класс 2-класстан 1 класс 3-класстан 1 класс 4-класстан 1 класс 5-класстан 1 класс 6-класстан 1 класс 7-класстан 1 класс 8-класстан 1 класс 9-класстан 1 класс 10-класстан 1 класс 11-класстан 1 класс
Жалпы жумалык жүктөм -299 саатты түздү. Окуу жылынын аягында окуу программасы толугу менен аткарылды. | Базистик план
|
1.2 | Китепканада китеп ресурстары боюнча толук маалыматтар бар. Окуу-усулдук материалдар: окуу китептери, бардык сабактар боюнча дидактикалык материалдар, справочниктер, энциклопедиялар, физика, химия боюнча маселелер жыйнагы,таблицалар, предметтер боюнча тесттер, сабактар боюнча окуу –усулдук жыйнактары бар. | китеп боюнча маалымат
|
1.3 | Мектепте окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Орто билим берүүнүн биринчи (1-4-кл), экинчи (5-9-кл) жана үчүнчү (10-11-кл) баскычынын окуучулары окутулат. Окуучулардын окуу китептери менен камсыздалышы 88%ды түзөт, анын ичинен; 1-класс-90% 2-класс-73% 3-класс-86% 4-класс-68% 5-класс-73% 6-класс-98% 7-класс -73% 8-класс-90% 9-класс-87% 10-класс-80% 11-класс-89% окуу китептери менен камсыздалган. Даана 5004 китеп фонду бар китепкана иштөөдө. Көркөм жана методикалык адабият фонду — 607 китепти, окуу китеби -4397 даана китепти түзөт. | Д 10
|
1.4 | Билим берүү уюму тууралуу керектүү маалыматтар сайттарда, инстаграм баракчасында жайгаштырылат. Атайын жооптуу адам иш алып барат. Жетишсиз китептерге табыштама берет. Форум, жыйналыштарда талкууланат. Ата-энелер комитети жергиликтүү кенеш, камкордук кенеш, бюджеттик угуулар колдонулат. | Ата энелер чогулушу |
2.1 |
| Календардык план
|
2.2. | Окутуу-тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуу Мугалимдер окутуу тарбиялоо процессинде инновациялык технологияларды жана методдорду колдонуп сабактарды өтүштү. Мугалимдер компьютер менен 80% иштей алат; -Компьютер, проектор, ноутбук , смарт доска, телевизорду сабактарда төмөнкү предметтер колдонушат:
3.Окуучулар өз алдынча интернеттен сабактарга даярданышат жана анализдешет 4.Мектепте мугалимдердин жеке ноутбуктары интернетке туташылган; 5. Сабактарда интерактивдүү, традициялык эмес ыкмаларды пайдаланышат; 6.Kahoot, google test, zipgrade, plickers, жана башка платформаларды пайдалануу менен тесттин турлору менен иштешет. STEM ыкмасын колдонуп жана АЖППОК (адам жаратылыш предмет проблема окуя кубулуш) стратегиясын колдонуп сабактар өтүлүүдө. «Инновациялык мектеп алкагында» 2019-2020-жылдан бери чыгармачыл мугалимдердин усулдук бирикмесинин тобу иштейт. Бул усулдук бирикменин максаты жаңы инновациялык усулдарды сабактарга колдонуу жана тажрыйбалуу мугалимдердин иш тажрыйбаларын жайылтуу, жаш мугалимдерге методикалык жардам берүү болуп эсептелет. Андан сырткары тесттин түрлөрүн компьютер менен алуу, мисалы, Googl сервистери, платформалары (test pad?, Googl test, kahoot) колдонуп тест алышып, крассворд түздүрүп ж.б. логикалык тапшырмаларды окуучулар менен бирдикте иштешүүдө. | Сабактын шилтемеси
|
2.3 |
| Ички козомол
|
2.4
| Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окуудагы жетишкендиктерди баалоонун объективдүү жана ачык-айкын системасынын болушу
| Айланма дептерлер окуу дептерлерин текшерүү жөнүндө жобо
|
2.5 | Сабакты окуутунун натыйжаларын баалоо, окутуунун максаттары (күтүлүүчү натыйжалары), методдору жана формалары менен тыгыз байланыштуу. Баалоонун максаты – окутуунун фактылык натыйжалары күтүлүүчү натыйжа менен дал келүүсүн аныктоо. Окуучунун окуу ишмердүүлүгүн баалоодо мугалим окутуу усулдары менен формаларына ылайык баалоонун ар түрдүү усулдарын пайдаланат. Мисалы: өзүн- өзү баалоо, жекече баалоо, топто, жупта баалоо, ж.б жыйынытыктоочу баалоону мугалим коет. Баалар класстык журналдарга түшүрүлүп, чейректер чыгарылды. Окуучулардын күндөлүктөрүнө, өздүк делолоруна коюлду. Педагогикалык кенеште окуучулардын билим сапатынын мониторингдери каралды. Ата- энелер жыйналышында окуучулардын жетишкендиктери тааныштырылды. Жылдын жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөн окуучулар, райондук администрациянын, айыл өкмөттүн, мектептин Ардак грамоталарына жана «Pro.KG.» уюму, айыл өкмөтү, айыл башы тарабынан берилген стипендиялар менен сыйланышат. | жетишуу, катышуу
|
2.6 | Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу ыкмаларды колдонуу Коопсуз, өнүктүрүүчү жана психологиялык жактан ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн камсыздоо, билим берүү процессинде ден соолукту сактоочу БИИнин кызматкерлери менен жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, мектеп рэкетинин, зордук-зомбулуктун, кылмыштуулуктун жана тартип бузуулардын алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турат. 2021-2022-окуу жылынын аякташы менен төмөнкү мугалимдер жана тех персоналдардын балдары Чолпон-Ата шаарындагы «Ала-Тоо» жана «Келечек» понсионаттарына барып эс алып келишти. Алар: Алымкулова Н.С., Булакеева К.Т. Окуучу:Сагынова Нурсулуу Ж. Бахтияров атындагы жалпы билим берүү мектебинде бир даана ишеним кутучасы бар. Окуучулардын мектеп ичиндеги ар кандай укук бузуулардын, зордук-зомбулуктун жана бири-бирине үстөмдүк кылууну ачык жеткизе албагандыктан ишеним кутучасы колдонулат. Ал жумасына бир жолу социалдык педагог тарабынан текшерилип турат. Мектепте төмөндөгү ийримдери иштейт.
| Ден соолук
|
2.7 | Ички жана тышкы баалоонун, системалуу мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча окуучулардын натыйжаларынын динамикасы 2017-2018-окуу жылынан баштап 2021-2022-окуу жылына чейинки 5 жылдык жалпы билим сапаты: чейректик отчеттор, административдик тесттер, чейректик текшерүү иштери, лабораториялык, практикалык иштер, бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациялоосу, предметтик олимпиадалар, ЖРТ, башка билим борборлору тарабынан жүргүзүлгөн олимпиадалар(Сапат, Билимкана, Улуттук тестирлөө) боюнча жүргүзүлдү. | Административдик текшеруу
Акыркы 5 жылдык билим сапат, ЖРТ, олимпиаданын жыйынтыктары. |
2.8 | Кызыктар тараптардын кайрылууларына жана арыздарына таасир этүүнүн иштелип чыккан жана ишке киргизилген жол-жоболорунун болушу Атуулдардын арыздары жана аларды кароого байланышкан документтер (иш номенклатурасы) Ар жуманын шаршемби күндөрү ата-энелер үчүн «Ачык эшиктер» күнү каралган. Арыздарды, кайрылууларды каттоо журналы бар. Мектеп администрациясынын кызыктар тараптардын кайрылууларын, арыздарын кабыл алуучу иш убактылары бекитилген.Келип түшкөн кайрылуулар, арыздар журналга катталып, 14 күндүн ичинде каралып, кызыктар тарапка жооптор берилет. | Арыздарды кароо
|
3.1 | Педагогикалык ишке жогорку билими диплом менен тастыкталган жана дал келген квалификациясы бар. Мектептин мугалимдер жамаатынын толукталышы Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинде жана анын уставында бекитилет. Ар бир окуу жылынын башында педагогикалык жамаат, окуутучу- көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналдар мед кароодон өтүшүп, медициналык китепчелерге ишке жарамдуулугу тууралуу уруксаат берилгенден кийин ишке кабыл алынат. Педагогикалык ишке соттолгон, медициналык жактан ишке жарамсыз жаран кабыл алынбайт. Мугалимдердин эмгек келишими Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин негизинде түзүлөт. Педагогикалык окуу жүктөмүнүн көлөмү окуу сеткасына ылайык жана педагогикалык кадрлардын толукталышына ылайык. Мектепте 22 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 11 класс жетекчи , 1 соц педагог, 1 уюштуруучу иштейт. Жаш мугалим 2, пенсиядагы мугалимдер 4. Мектепте медициналык кызматкерлер, психологдор, логопеддер жок. Учурда иштеп жаткан мугалимдердин ичинен «Билим берүүнүн мыктысы» — 6 мугалим. «Профсоюздун отличниги» — 1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин грамотасы менен 8 мугалим сыйланган. | Пед.стаж
|
3.2 | Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу Профилактикалык кеңеш Профсоюздук кеңеш Балдар кеңеши Кыздар кеңеши Өндүрүштүк чогулуш ϴрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын иштелип чыккан №1 Пед кеңешмеде бекитилген, баштапкы профсоюз уюму менен макулдашылган кɵрсɵтмүнүн негизинде иш алып барылат. Мектепте өзгɵчɵ кырдаал учурунда пайдалануучу эвакуациянны планы Түп райондук ϴКМнын башчысы Б. Казакбаев менен макулдашылып, директор тарабынан бекитилген.Эмгекти коргоо боюнча докладдар окулат. Окуу-семинарлары уюштурулуп, инструктаж ɵткɵрүлɵт. Класстык бɵлмɵлɵрдɵ коопсуздук эрежелеринин кɵрсɵтмɵлɵрү жана класстык бɵлмɵнүн температурасын ченɵɵчү термометрлер илинген. Окуу кабинеттеринин жана башка кабинеттер санитардык – гигиеналык талаптарга жооп берет. Окуу процессин уюштурууда техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча профсоюз комитети менен макулдашылган. Ар бир класста термометрлер илинген. Мектепте коопсуздукту сактоо боюнча жооптуу адамдар бекитилген Окуучулар өзүлөрүн мектептин эрежелерине ылайык үлгүлүү алып жүрүшөт. Окуучулар арасында техникалык коопсуздук эрежелерин сактап, өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо мугалими Кыдыралиев О.И. “Куткаруучулар ”, тобун түзүп, машыгууларды өткөрүп турат. Башталгыч жана жогорку класстарда өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча сабактар өтүлүп, окуучуларга кеңири түшүнүктөр берилип турат. Окуучулар өзгөчө кырдаалдар учурунда кайсы номерге кайрыла тургандыгын билишет. | Соц.пед иш план Өрт коопсуздук тактасы жана эвакуациялык план
|
3.3 | Педагогикалык кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана мотивациялоо системасынын болушу Мугалимдердин професионалдык деӊгээли талапка ылайык. Предметтер боюнча мугалимдер жетиштүү, бирок 18% мугалим пенсия курагында. Предметтик мугалимдер курстарга барып, семинар – тренингдерге катышып, өз билимдерин жогорулатып турушат. Газета, журналдарды окуп, интернет булактарын колдонуп, методикалык китептерди колдонуу менен да билимдерин жогорулатышат. Мектепте, атайын мугалимдер үчүн интернети бар компьютердик класс жасалган. Тажрыйба алмашуу максатында райондук, областык деӊгээлдеги семинар – тренингдерге катышышат. Мектеп ичиндеги декадалар, ачык сабактарга жана тегерек столдорго катышышып, методикалык жардам алышат. | Ардак грамоталар
|
4.1 | Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал) болушу Билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасы боюнча маалымат
| Спорт зал
|
4.2 | Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптар сакталат: Өрткө каршы эвакуациялык пландар, өрт калканычы, өрт өчүргүчтөр, аптечкалар бар; Санитардык эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер камтылган банерлер жеткиликтүү жерде илинип турат; Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери профсоюз тарабынан макулдашылып, директор тарабынан бекитилип, ар бир класс кабинетке илинген; Коопсуздук эрежелери боюнча инструктаж журналы уюштурулган, лекциялар окулуп, угуучулар тарабынан кол тамгалар коюлуп турат; Эмгекти коргоо боюнча профсоюз иш алып барат. Пандемия учурунда COVID -19 инфекциясына каршы күрөшүү алгоритм жөнүндө буйругу чыгарылган. Окуучулардын, педагогикалык жааматтын, кенже персоналдардын ден соолугуна кам көрүү максатында ар бир класста суюк самындар, кагаз кол аарчылар, антисептиктер коюлган. Ар бири антисептик, маска менен камсыз болушкан. | Инструктаж.
Информатика кабинетинин коопсуздук эрежелери…
|
4.3 | Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу Жаны ремонттон өткөрүлгөн II корпуста 4 класс кабинетине “Мерсико” долбоору аркылуу 125 000 сомго толук мебелдер алынып жаныртылды. Мектепке азыркы мезгилде областын адманистрация тарабынан берилген 4 samsung маркасындагы компьютер колдонулуп жатат. Мындан сырткары “Айылдык билим берүү” долбоорунан алынган 2 телевизор иштейт. Мектепке андан сырткары 10 жылдык бүтүрүүчү класстан 2 музыка аппараты микрафону менен белек кылынган. Ата- энелердин колдоосунун негизинде мектептеги көйгөйлөр менен жакындан байланышта болуп балдардын келечеги үчун шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүп 23 мин сомго проектор, 24 мин сомго принтер, 40 мин сомго интерактивдүү доска алып беришти. Кичи-Өрүктү айылынын тургуну, жеке демөөрчү Бактияров Ракым Жумабекович тарабынан 100 000 сомго жаны даараткана салынды. Айылдык кенеш тарабынан окуучулардын коопсуздугу үчүн 38000 сомго эки корпустун класстарына видео көзөмөл коюшту. Айыл өкмөт тарабынан 80 000 ге — 4 компьютер, 175 000 сомго 1-корпустун терезелери пластик терезелерге, 2-корпустун эшиктери темир эшикке алмаштырылды. Андан тышкары 2 корпуска окуучулардын тазалыгы үчүн 60 000ге раковина аристону менен коюлду.
| Видео көзөмөл
|
1.1 |
|
1.2 | Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын, кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу Миссиясы: Мектеп ата-энелер инсанга окутууну жана тарбия берүүнү коомдун, мамалекттин кызыкчылыгында жүргүзөт, инсандын ден соолугун сактоону камсыздайт, анын ар тараптан өнүгүүсүнө шарт түзөт. Билим берүүчүлүк максаты:
Педагогикалык жамааттын кесиптик денгээлин өнүктүрүү, жамаатташып, ынтымакта жана жемиштүү иштөөгө үндөө.
а)өспүрүмдөрдү мектептеги коомдук иштер менен камсыздоо б)коомдо бала өз жашоосун өзү жөндөй ала турган жеке өзгөчөлүгүн өстүрүү в)жоопкерчиликтүү өсүп келе жаткан муунду тарбиялоо г)окуучуларды өз оюн тайманбай жеткиликтүү айтууга, оратордук искуствого, мекенчилдикке үйрөтүү. Мектептин миссиясы, максатынын аткарылышы педагогикалык кеӊешмеде, директор алдындагы кеӊешмеде, усулдук бирикмеде, камкорчулар кеӊеши менен макулдашылып, жыйынтык чыгарылат.
Билим Берүү жараянында зарыл болгон бардык иш кагаздар жыл башында иштелип чыгып, айыл өкмөт башчысы менен макулдашылган. Камкорчулар кенеши 2021-2022- окуу жылынан баштап иш алып барып келет. Окуу жылынын башында түзүлүүчү окуу тарбия иштерин жакшыртуунун планын түзүү менен бирге мектепти өнүктүрүү планы, инновация багытындагы жаш мугалимдердин стратегиялык иш пландары иштелип чыгып, бекиттирилген. | ОТЖПнын миссиясы
|
1.3 | Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүү уюмунун көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө типтүү жобонун негизинде мектепте көзөмөлчүлүк кенеш уюштурулган. Көзөмөлчүлүк кеңеш типтүү жобого ылайык иш алып барат. | камкордук кенеш
|
1.4 | Жааматтык келишимдин негизинде эмгек жааматынын кесиптик жүрүм-турум ченемдери кабыл алынган. Анда негизги моралдык, адеп- ахлактык жүрүм-турум нормалары жана коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү, социалдык жүрүм- турум эрежеси , мурунтан келе жаткан мектептин кадыр-баркын көтөрүү салтын улантуу жана кийинки муунга өткөрүп берүү каралган. Окуучулар үчүн коомдук жайларда, мектепте өзүн-өзү алып жүрүүчү жүрүм-турум эрежелеринин нормалары да кабыл алынган . Мектеп ичинде, класстык чогулуштарда, өзүн-өзү башкаруу уюмунун чогулуштарында ички эрежелер каралат. | Мектептин ички тартип эрежелери.
|
1.5 | Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг төмөндөгүдөй жүргүзүлөт: Предметтик мугалимдер, класс жетекчилер тарабынан SWOТ анализдер жүргүзүлөт Усулдук бирикменин жетекчилери усулдук бирикменин ишмердүүлүгүнүнө SWOТ анализ түзөт. Окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана тарбия иштеринин уюштуруучусу мектептин ишмердүүлүгүнүнө SWOТ анализ түзөт. Анализдердин, маалыматтардын жыйынтыктары директор алдындагы кенешмеде жана педагогикалык кенеште угулат. Ар тараптуу анализдердин жыйынтыгы менен мектептин иш планына өзгөртүү, түзөтүүлөр киргизилет. Артыкчылык аттестатка жана ЖРТнын жыйынтыгы менен «Алтын сертификатка » жетишүү, предметтик олимпиаданын областык, республикалык турларынан орун алуу пландалган, бирок ишке ашкан жок. Ошол себептүү мугалимдердин ишин дагы да жандандыруу, жөндөмдүү окуучулар менен иш алып баруу педагогикалык консилиумдар жана окуучулар менен үзгүлтүксүз иш алып баруу уюштурулууда. | SWOT анализ … |
1.6 | Кызыктар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү оңдоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушу Билим берүү уюмунда билим сапатын жакшыртуу процессине мугалимдер, окуучулар, ата-энелер, администрация, коомчулук кызыктар болушту. Мектептин педагогикалык жамааты окуучуларга сапатуу билим жана тарбия берүүгө аракет кылышты: Билим берүүдө мамлекеттик стандарттын талаптарын эффективдүү ишке ашырышты. Мугалимдердин чыгармачылык өнүгүүсүнө жана инновациялык технологияларды колдонууга шарттар түзүлүп берилди; Мектеп ичинде башкаруу системасынын ишин жакшыртуу; Билим берүү процессинде кадр саясатын оптималдаштыруу; Мектепте мугалимдер арасында атаандаштык менен иш алып барууну жогорулатуу; Мектепти башкарууга коомчулукту тартуу; Мектепте билим сапатын жакшыртуучу негизги факторлор: Билим сапатын жакшыртууда усулдук иштер негизги ролду ойнойт. Алар: Усулдук кенеш Педагогикалык кенеш Педагогикалык окуу Алдынкы тажрыйбаны жайылтуу Усулдук бирикмелердин отурумдары Насаатчылык Усулдук семинарлар Усулдук бирикмелердин декадалары Мастер-класстар Жумалыктар Өз ара сабакка катышуу. Мектепте билим сапатын баалоо төмөнкү критерийлердин негизинде жүргүзүлөт: Административдик тесттер Билим берүүнүн сапаты (Класс жетекчилердин чейректик отчеттору, предметтик олимпиадалардын жыйынтыктары, мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациялоонун жыйынтыктары) Мугалимдерин жетишкендиктери Ресурстук камсыздоонун сапаты (кадрлар менен камсыз болушу, материалдык- техникалык базанын чындалышы, усулдук китептер) Уставдын негизинде администрациянын кызматтык милдеттердин натыйжалуу иш жүргүзүүсүн уюштуруу. | Функционалдык милдет
|
1.7 | Билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу Билим берүүнү башкарууну колдонууда маалыматтык системалар бар. «Кыргыз телеком» интернеттери туташтырылган. Интернет 3 компьютерге туташылган, мындан сырткары ар бир мугалимдин өзүнүн менчик ноутбук жана компьютерлери вай-файга туташтырылып, жекече электрондук даректери ачылып, иш алып барышат. Мугалимдер «Edupage» программасы менен иш алып барат. «Edupage», «Жаны китеп» , «ИСУО» программасына маалыматтар киргизилген окуучулар, ата- энелер менен — ZOOM ,Classroom, Goolge сервистери, Whatsapp жана Telegramm соц тармактары аркылуу кайтарым байланыш жүргүзүшөт. «Lib.kg», Балажан, «Ilim Bilim bulagu», “infourok” сайттарын колдонуу менен күндөлүк планды пландап, сабактарда пайдаланышат. Өз билимдерин өркүндөтүү үчүн онлайн курстарга катталышып, маалымат булактарынан керектүү маалыматтарды, тесттердин жыйнактарын, методикалык китептерди, окуу китептерди алып пайдаланышат ар кандай сайттарга катталышып, сынактарга катышышып, тесттерден өтүп турушат. | https://bahtiyarov.mektebim.kg/ |
2.1 | Педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдүү критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу Педагогикалык ишке жогорку билими диплом менен тастыкталган жана дал келген квалификациясы бар. Мектептин мугалимдер жамаатынын толукталышы Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинде жана анын уставында бекитилет. Ар бир окуу жылынын башында педагогикалык жамаат, окуутучу- көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналдар мед кароодон өтүшүп, медициналык китепчелерге ишке жарамдуулугу тууралуу уруксаат берилгенден кийин ишке кабыл алынат. Педагогикалык ишке соттолгон, медициналык жактан ишке жарамсыз жаран кабыл алынбайт. Мугалимдердин эмгек келишими Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин негизинде түзүлөт. Педагогикалык окуу жүктөмүнүн көлөмү окуу сеткасына ылайык жана педагогикалык кадрлардын толукталышына ылайык. Мектепте 22 мугалим эмгектенет. Алардын ичинен 11 класс жетекчи , 1 соц педагог, 1 уюштуруучу иштейт. Жаш мугалим 2, пенсиядагы мугалимдер 4. Мектепте медициналык кызматкерлер, психологдор, логопеддер жок. Учурда иштеп жаткан мугалимдердин ичинен «Билим берүүнүн мыктысы» — 6 мугалим. «Профсоюздун отличниги» — 1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин грамотасы менен 8 мугалим сыйланган. | Пед.стаж
|
2.2 | Штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү
Базистик окуу планынын жана нормативдик ченемдердин негизинде класс комплектиси бекитилди. Мугалимдердин жумалык жүктөмү бөлүштүрүлүп жана такталып штаттык расписание түзүлөт. Штаттык расписаниенин негизинде мугалимдер тарификациядан өткөрүлөт. Педагогикалык жааматтын квалификациясы жана билими, билим берүү программасына шайкеш келет. | Класс комплект..
|
2.3 | Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу Ар бир мугалим өз убагында Каракол шаарындагы ОИУнун түзүлгөн графиги боюнча квалификациясын жогорулатуу үчүн курстан өтүп турушат. Андан сырткары райондо өтүлүүчү семинарларга, тренингдерге, мастер-класстарга катышып турушат. Мектептин ичинде декадалар, ачык сабактар, Мастер-класстар, тегерек столдорду өткөзүп турушат жана насаатчылар жаш мугалимдер менен иш алып барышат. Тажрыйба алмашуу максатында мугалимдер өз ара сабакка катышышат. | Насаатчы менен жаш мугалимдердин иштоо планы |
2.4 | Мугалимдерди жана кенже тейлөөчү персоналдын ишин баалоону жана анын жыйынтыгы боюнча чечимдерпедагогикалык кенеште жана өндүрүштүк чогулушта каралат: Анда төмөндөгүдөй критерийлерди эске алуу менен сыйлыкка көргөзүлөт: Олимпиаданын жыйынтыгы; ЖРТнын жыйынтыгы Окуучулардын жетишкендиктери; Окуу- тарбия иштеринде ар кандай кароо- сынактарга катышуунун жыйынтыгы; Административдик талаптардын аткарылуусу; Административдик эскертүүлөрдү албагандыгы; Спорттук иш- чараларга катышуусу; Коомдук иштерге катышуусу; Аткаруучулук тартиби Райондук, областык семинарларда, усулдук бирикменин декадаларында, инновациялык мектеп катарында торчо мектептерге өтүлгөн семинарларда ачык сабактардын жогорку денгээлде өтүшү; Класс жетекчилик чеберчилиги. | Ардак грамоталар
|
3.1 | Билим берүү уюмунун материалдык-техникалык базасы боюнча маалымат
| Ашкана
|
3.2 | Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери) Профилактикалык кенеш Профсоюздук кенеш Балдар кенеши Кыздар кенеши Өндүрүштүк чогулуш ϴрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын иштелип чыккан №1 Пед кеңешмеде бекитилген, баштапкы профсоюз уюму менен макулдашылган кɵрсɵтмүнүн негизинде иш алып барылат. Мектепте өзгɵчɵ кырдаал учурунда пайдалануучу эвакуациянны планы Түп райондук ϴКМнын башчысы Б. Казакбаев менен макулдашылып, директор тарабынан бекитилген.Эмгекти коргоо боюнча докладдар окулат. Окуу-семинарлары уюштурулуп, инструктаж ɵткɵрүлɵт. Класстык бɵлмɵлɵрдɵ коопсуздук эрежелеринин кɵрсɵтмɵлɵрү жана класстык бɵлмɵнүн температурасын ченɵɵчү термометрлер илинген. Окуу кабинеттеринин жана башка кабинеттер санитардык – гигиеналык талаптарга жооп берет. Окуу процессин уюштурууда техникалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча профсоюз комитети менен макулдашылган. Ар бир класста термометрлер илинген. Мектепте коопсуздукту сактоо боюнча жооптуу адамдар бекитилген Окуучулар өзүлөрүн мектептин эрежелерине ылайык үлгүлүү алып жүрүшөт. Окуучулар арасында техникалык коопсуздук эрежелерин сактап, өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча дене тарбия жана аскерге чейинки даярдоо мугалими Кыдыралиев Орозбек Иязович “Куткаруучулар ”, тобун түзүп, машыгууларды өткөрүп турат. Башталгыч жана жогорку класстарда өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча сабактар өтүлүп, окуучуларга кеңири түшүнүктөр берилип турат. Окуучулар өзгөчө кырдаалдар учурунда кайсы номерге кайрыла тургандыгын билишет. | Купуя кутуча Орт копсуздук тактасы жана эвакуациялык план
|
3.3 | Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу Жаны ремонттон өткөрүлгөн II корпуста 4 класс кабинетине “Мерсико” долбоору аркылуу 125 000 сомго толук мебелдер алынып жаныртылды. Мектепке азыркы мезгилде областын адманистрация тарабынан берилген 4 samsung маркасындагы компьютер колдонулуп жатат. Мындан сырткары “Айылдык билим берүү” долбоорунан алынган 2 телевизор иштейт. Мектепке андан сырткары 10 жылдык бүтүрүүчү класстан 2 музыка аппараты микрафону менен белек кылынган. Ата- энелердин колдоосунун негизинде мектептеги көйгөйлөр менен жакындан байланышта болуп балдардын келечеги үчун шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүп 23 мин сомго проектор, 24 мин сомго принтер, 40 мин сомго интерактивдүү доска алып беришти. Кичи-Өрүктү айылынын тургуну, жеке демөөрчү Бактияров Ракым Жумабекович тарабынан 100 000 сомго жаны даараткана салынды. Айылдык кенеш тарабынан окуучулардын коопсуздугу үчүн 38000 сомго эки корпустун класстарына видео көзөмөл коюшту. Айыл өкмөт тарабынан 80 000 ге — 4 компьютер, 175 000 сомго 1-корпустун терезелери пластик терезелерге, 2-корпустун эшиктери темир эшикке алмаштырылды. Андан тышкары 2 корпуска окуучулардын тазалыгы үчүн 60 000ге раковина аристону менен коюлду. | Материалдык-техникалык базанын чындалышы |
4.1 | Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасы Мектептин бюджеттик чыгашаларынын сметасын пландоо Мектептин эмгек акы фонду боюнча чыгашаларын пландоо Мектеп окуучуларынын тамактануусуна чыгашаларды пландоо Мектептин калган чыгашаларын (командировкалык, окуу чыгымдары, утурумдук ремонт) пландоо Жергиликтүү бюджет Мектеп бюджети (Көзөмөлчүлүк кенеш) Долбоорлорду жазуу, катышуу; Сметаларды түзүү; Демөөрчүлөрдү тартуу; Көзөмөлчүлүк кенештин отурумдары, протоколдору; Сметаларды түзүү; Бюджеттик угууларды уюштуруу Түшкөн жана сарпталган каражаттар боюнча квартал сайын мектептин жалпы чогулушунда каралат; Тиешелүү стенддерди түзүү, Бюджеттик каражаттарды чыгашалоо актылары | Республикалык бюджет |
4.2 | Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу
Долбоорлорду жазуу, катышуу; Кайрылууларды жазуу; Коомчулукту тартуу; Мектептин өнүгүү планын түзүү; Мониторинг жүргүзүү; Муктаждыктарды аныктоо; Бюджеттик угууларга катышуу жана көйгөйлөрдү сунуштоо; Мектептин чыгашалары боюнча сметаларды түзүү; Отчет берүү | Кайрылуу
|
4.3 | Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу | смета |