Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Түп районуна караштуу Кичи-ϴрүктү  айылындагы Жумабек Бахтияров   мектебинин тарыхы

1973-жылы Кичи-ϴрукту айылында 4 жылдык орто мектеби өрттөнуп кеткен.Ошол боюнча айылда мектеп курулбай балдар 3 км алыстыктагы катар жайгашкан Ой-Тал айылындагы мектепке окуп келишкен.1997-жылы ата-энелердин өтунучу,окуучулардын муктаждыгы менен ошол мезгилдеги Ой-Тал мектебинин директору Сыдыков М.Атин аракети менен Кичи-ϴрукту айылындагы эски клуб менен эски китепкананы ондоп тузоп, башталгыч класс келип окуп баштаган.2000-жылы ПРООН программасы аркылуу Кониметов Жанкороз Каниметовичтин колдоосу аркылуу I корпус 9 жылдык толук эмес орто мектеп ачылган.

2004-жылы мектептин  II корпусу айыл тургундары менен биргеликте «Ашар» жолу менен курулуп, мектепке Жумабек Бахтияров ысымы ыйгарылып,11 жылдык жалпы орто билим беруу мектеби болуп ачылган.

Ушул мезгилде 193 окуучу билим алып, 21 мугалим эмгектенип жатат.

Жумабек Бахтияров

1919-1979-ж.

Жумабек Бахтияров Ысык-Көл областынын Түп районунун Кичи-ϴрүктү айылында 1919-жылы дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.Атасы Макей,энеси Бурул.1927-1931-жылдарда Кичи-ϴрүктү айылында башталгыч классты бүтүргөн.1931-1934-жылдарда Ой-Тал орто мектебинде 7-классты аяктаган.1934-1937-жылдарда Ысык-Көл зооветтехникумун бүтүргөн.1937-1940-жылдарга чейин Каракол шаарында окуган.1940-жылы комсомолго өтүп Советтик Армиянын катарына чакырылган.1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекндик согушка катышкан.1946-жылдарда Украинада Аскер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.Ошол эле жылы отпускага Кыргызстанга келип өз айылында Масымканов Бүбүжанга үйлөнгөн.Отпускасы бүткөндө кайра Украинага үй-бүлөсү менен кетишкен.1947-жылы Жумабек Бахтияров Пржевальск шаарында уулу Ракым төрөлгөн.1950-1952-жылдары Кыргыз Республикасынын партиялык мектебин окуп бүтүрөт.1952-1953- жылдары обком партияда лектор болуп эмгектенет.1953-1954-жылдары зам.заведуюший отделом пропоганды ОККП.1955-жылы уулу  Равил төрөлгөн.1955-1956-жылы «Париж Коммуннада»башкарма болуп иштеген.1958-1959-жылдарда «Киров»колхозунда башкарма болуп иштеген.1959-1962-жылдары «Ленин Комсомолу»атындагы колхозго Тасма айылында башкарма болуп иштеген.1962-жылы беш айылды бириктирип:

№1 бригада Кудургу айылы

№2 бригада  Ой Булак айылы

№3 бригада Фрунзе айылы

№4 бригада Ой-Тал айылы

№5 бригада Кичи-ϴрүктү айылдарын бириктирип,Фрунзе атындагы колхоз уюштурулган.Колхоздо бригадир болуп иштеген .ϴкмөт 30000 рубль берип №5 бригада жакшы көрсөткүчтөрдү берип,Кудургуга Партиялык кызматкер болуп көтөрүлгөн.1966-жылы Жумабек Бахтияров Москва шаарына ВДНХ СССРге барат.1966-1968-жылдары Фрунзе атындагы колхоздо парторг болуп иштеген.Ошол эле жылдарда Кичи-ϴрүктү айылында ФАП жана жаны дүкөн ачылган.оэ Ой-Тал айылында мектеп,спорт зал аянтчасы менен ачылган.Ошол жакшы иштердин баарына Жумабек Бактияровдун салымы чоФАП жана жаны дүкөн ачылган.оэ Ой-Тал айылында мектеп,спорт зал аянтчасы менен ачылган.Ошол жакшы иштердин баарына Жумабек Бактияровдун салымы чоң болгон.1968-1970-жылдарда «Фрунзе колхозунда»бригадир болуп иштеген.1972-жылы оорусуна байланыштуу ардактуу эс алууга чыккан.1979-жылы 17-декабрда каза болгон.Жумабек Бахтияров көптөгөн медалдар,ардак грамоталар менен сыйланган.

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

Мектептин миссиясы

Ж.Бахтияров орто атындагы жалпы орто билим берүү мектеби балдарды окутуп үйрөтүүдө компетентүүлүгүн өстүрөт, ийкемдүү, өз турмушу жана билими үчүн жоопкерчиликти сезген, алган билимин тажрыйбада колдоно белүүгө жөндөмдүү  балдарды окутууга шарт түзөт

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета